Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим келди

Жолугушууда кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен келди. Ардактуу конокту "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттөн кабарлашты.
1 / 4

Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен келди. Ардактуу конокту "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган

2 / 4

Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун ротасы тизилген

3 / 4

Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар пландаштырылган. Анын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланары айтылды.

4 / 4

Эскерте кетсек, расмий сапардан улам Бишкек менен Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылат

Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун ротасы тизилген.
Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар пландаштырылган. Анын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланары айтылды.
Эскерте кетсек, расмий сапардан улам Бишкек менен Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылат.
Кыргызстан малайзиялык компания менен алтын буюмдарын чыгарууну көздөөдө