"Агрессияга каршы турууда чогуу күрөшүү, бири-бирине аскердик жана экономикалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча СССР менен АКШнын ортосунда ленд-лиз келишими түзүлгөн. Бирок Улуу Ата Мекендик согуш башталып, фашисттик Германия Советтер Союзунун территориясына кирип келсе да, Америка келишимди аткарууга шашкан эмес. СССРдин согуштун алгачкы жылдарындагы экинчи фронт ачуу сунушун да кабыл албай создуктурган. Качан гана жеңиш СССР тарапта болору ачык көрүнүп калганда АКШ келишимдин алкагында экономикалык жардам катары көп мөөнөткө сакталган тамак-аш сыяктуу жардамдарын жана аскерлерин жибере баштаган. Тарыхчылардын бүгүнкү күндө ачыкталып жаткан маалыматтарына таянсак, АКШ аскерлери дымактуу күч берип деле ири майдандарга катышкан эмес. Ал эми экономикалык жардамдын 15 гана пайызы СССРге жеткени, калган бөлүгүнүн көбү Улуу Британия жана башка өлкөлөргө кеткени тарыхый документтер менен тастыкталган", — деди Мамытов.