Кыргызстан менен Кытай "Бедел" бекетин ачуу боюнча иштерди баштады

Жумушчу топ өткөрүү пунктунун жайгаша турчу жерлерин карап чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстан менен Кытай биргелешип Ысык-Көл облусунда жаңы "Бедел" өткөрүү пунктун ачуу боюнча иштерди баштаганын министрлер кабинети билдирди.
Айыл чарба министрлигинин башчысы Бакыт Төрөбаев жаңы өткөрүү пунктунун курулушу пландалган жерде ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү.
Жумушчу топ бекеттердин, чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилеринин жайгаша турчу жерлерин карап чыкты.
Ошондой эле Барскоон – Үчтурфан – Аксуу автожолунун маршруту жана бул объектилердин толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселеси талкууланды.
Өткөн жылдын май айында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жаңы дарбазасы жана кызматташтыктын көпүрөсү боло турган "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.
Азыр Кыргызстан менен Кытайды эки магистраль бириктирет: бири Торугарт (Нарын облусу), экинчиси Эркеч-Там (Ош облусу).
Кынтыксыз деңгээл. Путин Кытай менен мамилеге баа берди