КРСУда Кытай менен Кыргызстандын билим берүү боюнча кызматташтыгы талкууланат

Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечеги баш болгон бир нече маселени талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде “Кытай көпүрөсү – 2024: Билим берүү жана илим тармагы” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Конференциянын расмий бөлүгүндө КРСУ ректору Денис Фомин-Нилов, Лимин профессионалдык университетинин проректору Линь Чжаоюн, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Апаева, Кусеин Карасаев атындагы БГУнун кытай филологиясы кафедрасынын башчысы Өмүралиева катышмакчы.
“Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү жана кызматташуунун маанилүү аспектилерине арналат”, — дешти уюштуруучулар.
Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечегин, кытай тил илиминин маанилүү маселелерин, маданияттар аралык байланыштын теориялык жана практикалык маселелерин талкуулашмакчы. Андан сырткары, кытай тилин окутуудагы көйгөйлөр жана жаңычылдыктар боюнча да кеп болот.
Иш-чараны КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк тилдер кафедрасы уюштурган.
КРСУ Ленинград мамлекеттик университети менен кызматташат