Казанда ислам дүйнөсүнүн экономикалык форуму башталды. Кыргызстан да катышууда

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Казанда "Россия – ислам дүйнөсү: KazanForum — 2024" XV эл аралык экономикалык форуму башталды.
80ге жакын өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык алака, экономика, туризм, бизнес, илим жана технология, исламдык каржылоо жана инвестиция, спорт, адал индустрия жана башка багыттагы маселелерди талкуулашат.
Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, форумда 12 кыргыз компаниясы өзүнүн продукциясын көргөзөт. Анын жыйынтыгы менен компанияларга соода келишимдерин түзүү үчүн потенциалдуу кардарларды табуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Мындан тышкары, ишкерлер бетме-бет форматында жолугушууларды өткөрүшөт.
Форумдун коноктору үчүн бизнес иш-чаралардан тышкары маданий программа да каралган.
Иш-чара 19-майга чейин созулмакчы.
Кыргызстандык журналисттер Казанда өткөн медиамектепке катышты