Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Гранат-4" эмнеге жөндөмдүү. Инфографика

Аскердик эксперт Александр Хроленко Ижевскиде жасалган жаңы дрон тууралуу айтып берди. Бул техниканын мүмкүнчүлүктөрү туурасында сөздүн башталганына көп болгон.
Sputnik
"Гранат-4" адегенде эле жүрүп бара жаткан M1A1 Abrams танкын таап, артынан аңдып жана координаттарын аныктаган. Андан соң россиялык артиллеристтер "Краснополь" менен кийинки ишин жасаган. Америкадан чыккан танк ошентип жок кылынган.
Бул техника камера, тынымсыз иштеген мониторингдин аппаратурасы, тепловизордун жардамы менен чалгындайт. Бутаны таап эле бербестен, артиллеристтерге атканга жарык кылып, көрсөтүп да бере алат. Бул жаңы аппарат алты саат бою 2000 метр бийиктикке чейин 70 чакырым радиусунда иштей алат. Ал видеомаалыматты күнү-түнү болбосун корголгон канал менен берүүгө жөндөмдүү. 900 метр бийик учуп жүрүп, жарыкта, караңгыда бута кичинекей болсо да табат. Салмагы 3 килограммга чейинки жүктү жетүүгө кыйын болгон жерлерге ташып бара алат.
Серепчи "Гранат-4" дүйнөгө Россияда жасалган "500 долларлык" дрон 10 миллион долларык НАТО танкаларын талкалоого жөндөмдүү экенин көрсөтө алганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Харьков багыты: Украина аскерлери алсыроодо. Инфографика