ЕАЭБде оюнчуктардын коопсуздугун арттыруу боюнча иштер жүрүүдө

Техрегламентке киргизилген өзгөртүүлөр жарым жылдан кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши ЕАЭБдин "Оюнчуктардын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилгенин ЕЭК билдирди.
Техрегламент жаңы терминдер жана оюнчуктардын жаңы түрлөрүнө коюлган талаптар менен толукталды.
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий оюнчуктар улам жаңыланып жатканын белгилеген.
"Продукцияга коюлган талап өзгөртүүлөрдү шарттап жатат, бул өз кезегинде жалпы оюнчуктардын коопсуз деңгээлин жогорулатат. Муну менен катар айрым жоболордун конкреттештирилиши ишкерлерге өндүрүштүн майнаптуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет", — деди министр.
Техрегламентке киргизилген өзгөртүүлөр жарым жылдан кийин күчүнө кирет.
Радио
Чекиров: ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсү өстү