Өлкөгө унаа менен келген туристтер машинасын камсыздандырышы керек

Камсыздандыруу тарифтери айдоочунун тажрыйбасына, машинанын техникалык абалына жараша эсептелери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанга унаасы менен келген жарандар машинасын милдеттү камсыздандыруудан өткөрүшү керек. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул норма 2023 жылдын 1-апрелинен тарта иштейт.
"Камсыздандыруу тарифтери айдоочунун тажрыйбасына, машинанын техникалык абалына жараша эсептелет. Башкача айтканда, айдоочу тажрыйбалуу, ал эми унаа жаңы болсо ошого жараша камсыздандыруу полиси арзан, ал эми унаа эски, айдоочу үйрөнчүк болсо тескерисинче кымбатыраак болот", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле унаасын камсыздандырбаган чет элдиктер үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 184-бересинин 2-бөлүгүнө ылайык жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынары кошумчаланды.
Радио
Эми өлкөгө келген туристтер өмүрүн жана саламаттыгын камсыздандыра алат