Бишкекте № 227 маршрут боюнча автобустар каттамга чыгарылды

Автобустарда GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 15-майдан тартып № 227 маршрут боюнча автобус каттай баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, маршрут Ак-Ордо жаңы конушунан Көк-Жарга чейин барат. Каттамда 20 автобус бар, 8-10 мүнөт аралыкта жүрөт.

"Коомдук транспорттун кыймылы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинен көзөмөлдөөгө болот. Алардын ар бирине GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор орнотулган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кытайдан алынган автобустардын экинчи партиясы келип жатканы жана маршруттардын баары автобустарга алмаштырылары кошумчаланган.
Мэрия кызматкерлери эми эки күн коомдук транспорт менен гана жүрөт. Жаңы буйрук