"Бишкек троллейбус башкармалыгы" жумушчуларды ишке чакырат

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасына жумушчулар керек экенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган ишканага 18 жаштан жогору курактагы электрик, токарь, слесарь, Т категориясындагы троллейбустун айдоочулары талап кылынууда.
Каалоочулар 0312 65 75 90 телефон номерине чалып же жазса болот. Ошондой эле Москва көчөсү, 237 дареги боюнча кайрыла алары кошумчаланды.
Кыска мөөнөттүү окуу курстарынын жардамы менен 29 миң киши кесипке ээ болду