АКШ — дүйнөдөгү чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдары катуу өлкө (FARA)

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. FARA – "Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндөгү" мыйзам. Бул (эмнегедир) Вашингтонго Грузия жана бир катар өлкөлөрдү "демократиядан алыстап кетти" деп күнөөлөгөнгө тоскоол болбойт. Алар америкалык мыйзамдын жумшартылган түрүн кабыл алууга ниеттенишкен. Анткен менен АКШда күнөө тагылган агенттер кадимкидей эле түрмөгө отурат. Американын "демократиядан алыстабаган" хроникасына @SputnikLive үңүлүп көргөн.
2014-жылы Чикагодон чыккан америкалык активист Принц Асиэль Бен Исраэль жети айга абакка кесилген. Аны "Зимбабвенин президенти Роберт Мугабеге каршы санкциянын жокко чыгарылышына лобби кылган" дешкен. Анткен менен бул адам чет элдин таасирин жайылткан агент катары каттоого алынган эмес.
2018-жылы америкалык лоббичи Пол Манафорт "Мыйзамды (FARA) бузуу максатында кутум кылган" деп 6 жылга кесилген. Анын күнөөсү Украинанын мурдагы президенти Януковичтин агенти катары катталган эмес.
Ошол эле 2018-жылы америкалык саясий консультант Сэмюэл Паттен Украинанын "Оппозициялык блок" саясий партиясынын кызыкчылыгын лобби кылганы үчүн үч жылды шарттуу түрдө "мойнуна илген". Мында да чет элдик агент катары каттоого алынган эмес.
2019-жылы АКШнын соту бизнесмен Бидж Рафиекянды Түркия үчүн иштеп, Фетхуллах Гүлендин мурдагы мекенине кайтышына лобби жасаган, бирок FARA алкагында туура эмес катталган дешкен.
2020-жылы ишкер Эллиот Бройди FARA мыйзамын бузганын мойнуна алып, 6,6 миллион доллар төлөөгө макул болгон. Анын Кытайдын, Малайзиянын кызыкчылыгына иштегенин, бирок кайра эле "чет элдик агент катары" катталбаганын айтып чыгышкан.
2021-жылы АКШда лоббичи Имаад Шах Зуберинин мойнуна 12 жыл илишип, мыйзамды бузган дешкен. Шри-Ланканын кызыкчылыгын "лобби кылганын жашырган" экен.
2022-жылы АКШдагы россиялык мекендештердин кеңешинин жетекчиси Е.Брэнсон "РФ саясаты, идеологиясын" жайылтканы үчүн күнөөлүү болгон, "каттоодан өткөн эмес". Ал 2020-жылы АКШдагы үйүн ФБРдин кызматкерлери тинткенден кийин Россияга учуп кеткенге жетишкен.
Грузияда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоор чакыртып алынды