Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ жакынкы айларда Украинанын тагдыры чечилет деп эсептөөдө

Басылма Кошмо Штаттардын президентинин кеңсесинде эки вариантты боолголоп жаткандыктарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясында алдыдагы бир нече айдан кийин Украина үчүн чечүүчү убакыт келип, Киев менен Москва кайсы бир учурда согуш отун токтоткон чечимди кабылдаарын күткөн маанай улам өсүүдө. Бул туурасында америкалык New York Times басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
"Байдендин администрациясында алдыдагы бир нече айдан кийин чечүүчү учур жаралып, эки тарап согуш отун өчүрүү боюнча сүйлөшүп, 1953-жылы Кореяда болгон согушка чекит койгондой мезгил келет же чатакты жөн гана токтотуп коюшат деген сезим улам күч алууда", — деп жазган АКШдагы жана анын союздаштарындагы аткаминерлерден интервью алган New York Times.
Москва буга чейин кепке келүүгө даярдыгын бир нече жолу билдирип келди, бирок ага Киев мыйзам деңгээлинде тыюу салган. Батыш өлкөлөрү Москваны сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырып келет. Буга чейин Кремль Украинадагы абалды азыр тынчтык жолуна салууга негиз жоктугун, Россия үчүн башкы приоритет атайын операцияны максатына жеткирүү экенин, бул согуш жолу менен гана мүмкүн болуп жатканын айткан. Москва Украинадагы жагдай Киев де-факто абалын жана жаңы реалдуулукту кабыл алганда гана тынчтык жолуна түшөрүн, ал эми Россиянын бардык талаптары белгилүү экенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Украинага башкача талап коюу зарылдыгы айтылууда