Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт. Берилчү артыкчылыктар

Реестрге ишкерлерди Экономика жана коммерция министрлиги түзгөн ведомстволор аралык комиссия тандап киргизет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ак ниет ишкерлер бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт. Ага ишкерлерди Экономика жана коммерция министрлиги түзгөн ведомстволор аралык комиссия тандап киргизет.
"Ушуга байланыштуу ишкердик субъектилеринен арыз берүүгө активдүү катышууну суранабыз", — деп жазылган маалыматта.
Реестрге кирген ишкер төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:
мамлекеттик телеканалдардан медиажарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат;
салык жана бажы кызматтарын кезексиз алат;
эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат;
салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо реестрге киргизилген учурдан тартып мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат;
мамлекеттик насыялоо программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоо алат.
Реестрге киргизүү критерийлери министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген ак ниет ишкерлердин реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо көрсөтүлгөнү кошумчаланды.
Тигүү тармагы артка кетти, көйгөй көп. Ишкердин видеомаеги