16-майга карата аба ырайы

16-майга караган түнү Талас, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бейшемби күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +23...+28, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31 градус ысыйт.
Бишкек менен Ошто күндүн экинчи жарымында нөшөрлүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +28...+30 градуска көтөрүлөт.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы