ЕАЭБ өлкөлөрүндө академиялык даражалар өз ара тааныла баштады. Бул Кыргызстанга эмне берет?

Sputnik
2-майда Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Ага 2023-жылдын 8-июнунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда кол коюлган. Макулдашуу жогорку квалификациялуу адистердин мобилдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жана эмгек ресурстарынын эркин жылышынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү айтылат. ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даражаларды өз ара таанууда кандай кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар болушу мүмкүн?
Кыргызстандагы илимдин деңгээли тууралуу кеп кылдык.