Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Өлкө жетекчилери протоколдук иш-чаралардан кийин кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосунда 1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлүп, кызматташуу уланып келе жатканын белгиледи. "Малайзия экономикасынын өнүгүүсүнүн модели жана жетишкендиктери "Азия жолборсу" наамына татыктуу болгондугун билебиз. Бул модель башка өлкөлөр, биздин аймак үчүн көрүнүктүү үлгү катары болуп саналат. Өз кезегинде Кыргызстан да келечекте өзүнүн өнүгүү жолунда "Борбор Азия илбирси" болоруна тилектешмин", — деди өлкө башчы. Ошондой эле президент малайзиялык ишкерлерди инвестиция салууга чакырып, ал үчүн бардык шарттар түзүлгөнүнө токтолду. Мындан тышкары, ал Кыргызстан диний чөйрөдө кызматташууга кызыкдар экенин айтты.
Жогорку Кеңештин жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзамды четке кагышты. Мыйзам долбоору шайлоо процессин өркүндөтүү максатында иштелип чыкканы белгиленди. Мыйзам долбоору шайлоо алдында үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул демилгеге каршы чыгып, жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.
Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон продукциялардын бирдиктүү тизмеси ооз көңдөйүнүн гигиеналык каражаттары боюнча пункт менен толукталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. ЕЭК Кеңеши Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынуучу продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегинин экинчи бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизди. "Кеңештин чечими ооз көңдөйүнүн гигиеналык каражаттарын жана шайкештигин баалоодон өтпөгөн буюмдардын Биримдик рыногуна жүгүртүүгө чыгуусун минималдаштырууга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүргүзүүдө укуктук боштукту жоюуга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Жаңгактардын түрүнө карата химиялык курамы, анын адам организмине таасири түрдүүчө болорун нутрициолог Анжелика Дюваль Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берген. Адистин билдирүүсүнө ылайык, кедр жана грек жаңгактары баалуу компоненттерге бай. "Кедр жаңгагы курамындагы майдан улам организмге эң пайдалуу делген 20 азыктын катарына кирет. Мен аны ден соолугунда көйгөй болуп жаткан айрым бейтаптар туруктуу жеши үчүн жазып берем", — деген Дюваль. Бирок дарыгер жаңгактын кайсы түрү болбосун ченемден ашыра жеген зыян алып келерин белгиледи. "Алар абдан калориялуу болгондуктан көп жегенге болбойт. Этке тете болгон, сиңирүү кыйынга турган азык экенин эске алуу зарыл. Ашказан-ичеги органдарында көйгөйү барларга жаңгакты рациондон алып салууну сунуштамакмын. Жаңгактын нормасы орто эсепте бир ууч, бул максималдуу норма, андан ашырбаш керек. Күн сайын жегенге да болбойт, мындайда ашыкча салмак кошулат", — деп эскерткен адис. Нутрициолог кешьюну да абайлап жеген туура деп белгилейт.