Жумуртка өндүрүшүндө ЕАЭБдин талаптарына ылайык лабораториялар салынат

Sputnik
Кыргызстанда жумуртка өндүрүү тармагы жакшы жолго коюлуп келе жатат. Чакан жана орто бизнес тармагында 100дөн ашык ишкана каттоого алынса, расмий каттоодон өтпөгөнү 60ка жакын. Муну менен катар жумуртканы ЕАЭБдин талабына шайкеш келтирип, экспортту жогорулатуу жаатында да атайын лабораторияларды куруп, шарт түзүү каралууда. Бул үчун мамлекетте атайын долбоорлор ишке кирип, фермерлерге жеңилдетилген насыялар да сунушталат.