Россиянын мамлекеттик башкаруу системасы Батыш окумуштууларын таң калтырууда. РФ өкмөтү тууралуу маек

Sputnik
Ушул жылы Владимир Путин бешинчи ирет Россия Федерациясынын президенти болуп шайланып, 7-майда жаңы өкмөт курамы бекитилди. Бир караганда мурдагы өкмөттүн курамы көп өзгөрбөгөндөй болгону менен ага үч облустун губеранторунун кошулушу, негизги багыттардын бири болгон Коргоо министрлигинин башчысынын алмашылышы серепчилер арасында түрдүү талкууларды жаратты. Россиянын бийлиги мамлекеттик башкаруунун жаңы деңгээлине чыкканын айкын көрсөтүп отурат, дейт биздин “Күн башат” программабыздын коногу, саясий илимдердин доктору, коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов.
Дүйнөлүк саясат кандай болот? Россия эмне үчүн КМШ менен мамилесин чыңдоого дагы да терең көңүл бурушу керек? Кыргызстан жана Россия ортосундагы мамилелердин келечеги кандай болушу шарт? Ушул жана башка суроолорго биздин эфирде жооп издеп көрдүк.