Радио

Каныбеков: журналисттик адистик эми колледжде да окутула баштайт

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжинин директору Ардакбек Каныбеков аталган окуу жайдын базасында журналисттик адистик боюнча бөлүм ачыларын айтты.
Sputnik
Биздин Кесиптик коледжде 2500дөй студент билим алып, республикадагы эң ири кесиптик билим берген мекеме болуп эсептелет. Бул тууралуу Ардакбек Каныбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 40 пайыздайы окуусун аяктай электе эле жумуш менен камсыз болушат.
"Учурда Улуттук университетке караган төрт колледж бар. Анын бири биздин Кесиптик колледж. Бул орто билим берүүчү окуу жайы 2004-жылы 14-майда негизделген. Алгач IT багытында 9-11-класстардын базасында билим берүү үчүн эки группа түзүлгөн.Төрт жыл өтүп экономикалык, юридикалык, педагогикалык багыттары ачылып, студенттерди кабыл алган. Азыркы мезгилде тил котормосу, бухгалтерия жана башка багыттар болуп жалпысынан 14 кесиптик боюнча окутабыз. Бизге көбүнесе 9-класстын базасында келип тапшырышат. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү бизди бүткөн соң кааласа ЖОЖдордо эч кандай ЖРТсы жок эле кабыл алынып, билимин уланта алат. Алар өз адистиги боюнча тапшырса дароо 2-курска отурат. Өлкөдөгү кесиптик билим берген эң ири колледж болгондуктан, иш берүүчүлөр да жумушчу издеп бизге көп кайрылышат. Анын негизинде студенттерибиз өндүрүштүк практикага барган жеринен эле жумушка кирип, окууну бүткөнчө жалпысынан 40 пайыздайы өз адистиги менен иштеп калат. Учурда журналистика боюнча да билим берүүнү пландап, атайын багыт ачып жатабыз. Каалоочулар аталган кесипти өздөштүрүү үчүн келе жаткан окуу жылынан тарта бизге келип тапшырышса болот", — деди Каныбеков.
Ал Кесиптик колледжге 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле жогорку билими бар каалоочулар да келип тапшыра берсе болорун кошумчалады.