Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалганын муниципалиттетин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ал "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген.
Ырсалиев эми калаанын транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин тейлейт. Бул кызматты бир ай мурун Максатбек Сазыкулов аркалап келген. Ал коррупциялык схема уюштурууга шектелип УКМК тарабынан апрелдин ортосунда кармалган.
Бишкек мэри орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди