Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украина эми жума сайын курал-жарак алып турарын убадалады

Россия Украинаны курал-жарак менен камсыздоо абалды жөнгө салууга кедергисин тийгизип жатканын айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Украина эми Америкадан жума сайын курал-жарактын жаңы партиясын алып турат. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан айтканын РИА Новости билдирди.
Ал брифинг учурунда АКШ Конгрессинин Киевди каржылоо боюнча чечими бир нече айга кечигип калгандыктан Украина азыр кыйын күндө экенин белгиледи. Салливандын айтымында, Вашингтон Киевди азыркы абалынан чыгарууга аракет жасоодо.
Анткен менен Ак үйдүн өкүлү Украина Куралдуу күчтөрүнө жума сайын курал-жарак жеткирет дегенди АКШ апта сайын аскердик жардамдын жаңы пакетин бөлүп турат деп түшүнүү туура эмес болорун кошумчалады.
Ал эми Россия Украинаны курал-жарак менен камсыздоо абалды жөнгө салууга кедергисин тийгизип жатканын айтып келет. РФ ТИМи Киевге курал-жарак жеткирген транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Россия Батыш менен согушууга даяр