Жайында тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат

Завод курууга 10 гектар жер керектелип, аны сегиз айдын ичинде ишке берүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жайында Кыргызстанда тамчылатып жана жаадырып сугаруучу жабдыктарды чыгарган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү меморандумга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен түрк компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин кол коюшкан.
Меморандумга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен түрк компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин кол коюшкан
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда компаниянын өкүлдөрү анын потенциалы, тармактагы 35 жылдык тажрыйбасы тууралуу маалымат беришкени айтылды.
Тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушуна инвестициялык макулдашуудан кийин биринчи этап менен 10 миллион доллар инвестиция салынат. Курулуш иши толук сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө. Завод курууга жалпы аянты 10 гектар жер керектелет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле компания алгачкы этапта дыйкандарды бул ыкма боюнча окутуу иштерин жүргүзөрү кошумчаланды.
Кытай инвесторлору Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо