ТИМ: Россияда жана Борбор Азияда улуттук валютада эсептешүү өсүүдө

Михаил Галузин Россия регион үчүн ишенимдүү жана негизги соода-экономикалык өнөктөш экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. 2023-жылы Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү 44 миллиард доллардан ашкандыгын РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Валдай клубунун конференциясында билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россия — регион үчүн ишенимдүү жана негизги соода-экономикалык өнөктөш", — деди Галузин.
Ал белгилегендей, бул соода жүгүртүүнүн ырааттуу өсүшүн тастыктайт.
Министрдин орун басарынын айтымында, Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы соодасынын 33 пайызы Россияга туура келет. Буга негизинен улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтүү өз таасирин тийгизүүдө. Бүгүнкү күндө Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен мындай эсептешүүлөрдүн көлөмү 80 пайызга, Өзбекстан менен 55, Түркмөнстан менен 24 пайызга жетти.
РФ ТИМи: Батыш Борбор Азиянын ресурстарын басып алууну көздөйт