Путин президенттик администрациянын жаңы курамын дайындады. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россиянын президенттик администрациясынын жаңыдан түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Владимир Путин кол койгонун Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Антон Вайно президенттик аппараттын жетекчиси болуп кайра дайындалды.
Аппарат жетекчисинин орун басарлары болуп төмөнкүлөр дайындалды:
Алексей Громов;
Сергей Кириенко;
Дмитрий Козак;
Магомедсалам Магомедов;
Максим Орешкин;
Владимир Островенко.
Дмитрий Песков президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана маалымат катчысы болуп дайындалды.
Президенттин жардамчылары:
Тула облусунун экс-губернатору Алексей Дюмин;
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Николай Патрушев;
Владимир Мединский;
Дмитрий Миронов;
Юрий Ушаков;
Андрей Фурсенко;
Руслан Эделгериев;
Лариса Брычева (президенттин мамлекеттик-укуктук бөлүмүнүн башчысы);
Дмитрий Калимулин (президенттик референтуранын башчысы);
Шалков Дмитрий (президенттин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы).
Владислав Китаев Путиндин протокол башчысы болду.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
Игорь Щеголев - Борбордук федералдык округдагы ыйгарым укуктуу өкүл;
Александр Гуцан - Түндүк-Батыш федералдык округдагы ыйгарым укуктуу өкүл;
Владимир Устинов - Түштүк федералдык округдагы ыйгарым укуктуу өкүл;
Юрий Чайка - Түндүк Кавказ федералдык округдагы ыйгарым укуктуу өкүл;
Игорь Комаров - Волга федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүл;
Владимир Якушев - Урал федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүл;
Анатолий Серышев - Сибирь федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүл.
Президенттин кеңешчилери жана атайын өкүлдөрү:
Антон Кобяков - кеңешчи;
Игорь Левитин - кеңешчи (өзүнчө жарлык менен ага транспорт чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык боюнча атайын өкүлдүн милдеттери да жүктөлгөн);
Валерий Фадеев - кеңешчи;
Елена Ямпольская - кеңешчи;
Сергей Иванов - жаратылышты коргоо ишмердиги, экология жана транспорт боюнча атайын өкүл;
Артур Муравьев - президенттин Федерация кеңешиндеги өкүлү;
Гарри Минх - Мамдумадагы президенттин өкүлү;
Александр Коновалов - президенттин Конституциялык соттогу өкүлү.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Путиндин жардамчысы болду