Россиянын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Путиндин жардамчысы болду

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Николай Патрушевди өзүнүн жардамчысы кылып дайындады. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Мамлекет башчы өзүнүн жарлыгы менен Николай Платонович Патрушевди Россия Федерациясынын президентинин жардамчысы кылып дайындады", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын президенти Владимир Путин жакында Патрушевди башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошоткон. Анын ордуна Сергей Шойгу дайындалган.
Михаил Мишустин Россиянын премьер-министри болуп дайындалды