Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон Украинанын Белгородду аткылоосуна комментарий берүүдөн баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Пентагон Украина Куралдуу күчтөрүнүн Белгородду аткылоосу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Жакында жасаган чабуулдарына комментарий берүүнү биз украиналык аткаминерлерге калтырабыз", — деген РИА Новостиге америкалык аскердик ведомстводон.
Эскерте кетсек, 12-майда облус Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан аткылоого туш болуп, көп кабаттуу үйдүн бир подъезди урап түшкөн. Мындан улам Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча иш козгоп, Коргоо министрлиги Украина "Точка-У" ракетасы менен чабуул жасаганын аныктаган.
Соңку маалыматтарда уранды алдынан 15 кишини сөөгү алып чыгарылганы айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Белгородго жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 15ке жетти