Өлкөдөн чыккан акчанын көлөмү миллиондогон долларга кыскарды

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ушул жылдын I кварталында Кыргызстандан 138 миллион 270 миң доллар сыртка которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.
Былтыр ушул мезгилдин ичинде өлкөдөн 158,6 миллион доллар которулган. Ошентсе да өлкөдөн чыккан каражатка караганда киргени көбүрөөк. 2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга дээрлик 690 миллион доллар которулган, анын көпчүлүгү Россиядан.
ЕАЭБ алкагында Кыргызстан 15 миллиарддан ашык кыйыр салык чогултту