Владимир Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Программа

Россиянын лидери Кытайдын төрагасы жана Мамлекеттик кеңештин төрагасы менен жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Россиянын президенти Владимир Путин 16-17-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен бара турганын Кремль билдирди.
Бул анын кызматка киришкенден кийинки чет өлкөгө биринчи сапары болору белгиленген.
"Россия менен Кытайдын лидерлери ар тараптуу өнөктөштүктүн жана стратегиялык өз ара кызматташуунун бардык комплексин деталдуу талкуулашат. Ошондой эле орус-кытай практикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныкташат. Эң актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу дагы болот", — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
Владимир Путин менен Си Цзиньпин дипломатиялык мамилелердин орношунун 75 жылдыгына жана Россия менен Кытайдын маданият жылдарынын ачылышына арналган салтанаттуу кечеге катышат.
Программада Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушуусу камтылган. Анын жүрүшүндө соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланышы күтүлүүдө.
Россиянын башчысы ошондой эле Хэйлунцзян провинциясынын административдик борбору Харбин шаарына барып, сегизинчи орус-кытай ЭКСПО жана төртүнчү Россия-Кытай аймактар аралык кызматташтык форумунун ачылыш аземине катышып, Харбин политехникалык университетинин мугалимдери жана студенттери менен жолугушат.
Батыштын Россия боюнча талабы Си Цзиньпиндин ачуусун келтирген