Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Харьков багыты: Украина аскерлери алсыроодо. Инфографика

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү атайын операция болуп жаткан аймакта, анын ичинен Харьков жана бир катар багыттарда чабуулун ыкчам жасап жатат. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Аталган Telegram-канал Россия армиясынын иши кантип илгерилеп, ал эми Украина күчтөрү позицияларын эмнеге таштап кетип жаткандыгына баам салып көргөн.
Үч сутка ичинде Россиянын Куралдуу күчтөрү Харьков облусунда 9 калктуу пунктуну бошотуп, Волчанскиге кирген. Каршылаштардын бир бөлүгү качып кеткен. Украина аскерлеринин 115-армиясы "чегингенин" коррупция менен байланыштырып, алардын линиясы бекемделбей калганын айтышты.
Алдыга жылуунун негизги багыттары — Харьков менен Волчанскиден 15 чакырым алыстыкта жайгашка Липцы шаары. Булардын коргонуусуна Украина күчтөрүнүн башкармалыгы элиталык делген күчтөрүн салды. Анын ичинде Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын боюнча башкы башкармалыгынын жана мобилизациялангандардан турган отряддары бар экенин айтышты. Россия аскерлеринин Харьковго болгон чабуулу Украина армиясынын Авдеевка менен Часов Яр багыттарындагы кармап турган күчтөрүн аталган облуска жиберүүгө мажбур кылууда. Бул Украина армиясынын абалын жакшыртып деле жибербейт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN: Россиянын ийгилигинен улам Украина аскерлеринин айласы кетүүдө