Петербургда жүргүнчүлөрдү куткарган казакстандык Аханов Россия сыйлыгын алды

Сыйлык өмүрүнө келген тобокелдикке карабай башкаларды сактап калгандарга берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Петербургда сууга кулаган автобустагыларды сактап калган 15 кишинин арасында болгон казакстандык Ерхан Аханов каармандыгы үчүн сыйлыкка арзыды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.
Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов Куткарып калуудагы каармандыгы үчүн артыкчылык белгисин жана саат тапшырды. Бул сыйлык адамдардын өмүрүн өзүнө келген тобокелдикке карабай сактап калууда каармандык менен эрдик көрсөткөндөргө берилет.
Эске салсак, 10-майда Санкт-Петербургда ичинде жүргүнчүсү бар автобус көпүрөдөн Мойка дарыясына кулап, ичиндегилердин көбүн куткарып калууга мүмкүн болгону менен жети киши көз жумган.
Алдын ала берилген маалыматта кырсыкка рулдун башкаруудан чыгып кетиши, андан сырткары, автоунаанын токтотуучу системасы да иштебей калганы себеп болушу мүмкүндүгү айтылган.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Кыргызстандык Рустам "Крокуста" адамдарды кантип куткарышканын айтып берди