Мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов кызматка дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы" ААКтын башкы директору болуп Игорь Чудинов дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал жаңы кызматка 7-майда бекитилген. Чечим компаниянын директорлор кеңешинин 6-майдагы протоколуна ылайык кабыл алынган.
Министрлик мамлекеттик кызматка дайындалыш үчүн ар бир талапкер тиешелүү текшерүүдөн өтөрүн белгилеген.
"Чудинов 2005-2007-жылдары өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри болуп иштеген. Энергетика тармагындагы тажрыйбасы эске алынып, "Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы" ААКтын башкы директору болуп дайындалды", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Чудинов 2007–2009-жылдары премьер-министр, кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-жылы жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча 5 миллион сом айып төлөөгө өкүм чыккан. БШК соттун өкүмү чыккандан кийин аны депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Кайра жаралуучу булактардан алынган энергиянын тарифин жекече белгилөө сунушталууда