Игорь Чудинов кызматка дайындалбай жатып бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Игорь Чудиновду "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевге бул кишини кызматка дайындоодо өлкө башчы Садыр Жапаровго тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди.
Мындан улам энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов "Курулуп жаткан электр станциялар" ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Курманбек Бакиевдин бийлигинин учурунда премьер-министр болуп иштеген Игорь Чудинов 7-майда аталган ишкананын жетекчиси болуп дайындалганы кабарланган. Бирок бүгүн кайра иштен алынды.
Кайра жаралуучу булактардан алынган энергиянын тарифин жекече белгилөө сунушталууда