Радио

Чекиров: ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсү өстү

Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров 2019-жылга салыштырмалуу пандемиядан кийин ЕАЭБге кирген мамлекеттердин экономикасы 30-40 пайызга өскөнүн айтты.
Sputnik
2023-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 7,4 триллион рубль болгон. Бул тууралуу Кубанычбек Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мурда Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 6 миллиард доллардан ашкан эмес. Азыр 13,5 миллиард долларга жетти.
"8-майда Москвада ЕАЭБдин 10 жылдык юбилейлик саммити болду. Ага беш өлкөнүн мамлекет башчылары катышып, көптөгөн документтерге кол коюлду. Мезгил талабына ылайык, мурдагы союздук өлкөлөр биригип, бирдиктүү экономикалык интеграцияга кирүүгө туура келди. Азыр дүйнө биргелешип өнүгүүдө. 2023-жылы ЕАЭБге кирген мамлекеттердин товар жүгүртүүсү 7,4 триллион рубль болуптур. Экономикалык өсүү жогору болууда. Эгер 2019-жыл менен 2021-жылды салыштырып көрсөк, пандемиядан кийин экономикалык өсүү 30-40 пайызга жеткен. Мурда Кыргызстандын ички дүң продукциясы 6 миллиард доллардан ашкан эмес. Азыр ал 13,5 миллиард доллар болду. Биздин негизги өнөктөшүбүз — ЕАЭБге кирген мамлекеттер. 2022-жылы Кыргызстандын Россияга экспорту 2,5 эсеге өсүп, жалпысынан 964 миллион долларга жеткен. Санкциянын натыйжасында Россияга айыл чарба, жеңил өнөр жай продукцияларын, унаа тетиктерин жөнөтүп, экспорттон улам ИДП 2022-жылы 7 пайызга өскөн. Бул киши башына 6 500 долларды түзөт. Мындан эки жыл мурун 2 000 долларды түзчү", — деди Чекиров.
Ал ИДП өскөндүктөн мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулаганын кошумчалады.