Чүйдө жана Бишкекте үч баңгизат лабораториясы аныкталды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чүйдө жана Бишкекте үч баңгизат лабораториясы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдөн баңгизат алып келип саткан трансулуттук баңги тобу жоюлган.
Кылмышка тиешеси бар 30, 29, 25, 17 жана экөө 27 жаштагы алты кыргыз жараны жана 29 жашар Россиянын атуулу кармалган.
1 / 3

үйдө жана Бишкекте үч баңгизат лабораториясы аныкталды

2 / 3

Маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдөн баңгизат алып келип саткан трансулуттук баңги тобу жоюлган

3 / 3

Кылмышка тиешеси бар 30, 29, 25, 17 жана экөө 27 жаштагы алты кыргыз жараны жана 29 жашар Россиянын атуулу кармалган

"Атайын операция улантылып Бишкекте жана Чүйдө үч нарколаборатория аныкталып, баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ишине бөгөт коюлду. Аталган интернет-дүкөндүн негиздөөчүсү жана куратору кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 10 килограммдан ашык марихуана, 75 бөтөлкө гашиш майы, гидропондук ыкма менен өстүрүлгөн 38 гибрид кара куурай жана баңгизат лабораториясы менен интернет-дүкөнгө колдонулуучу буюмдар, техникалык жабдуулар алынган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алынган баңгизаттардын баасы 50 миллион сом экени кошумчаланды.
Чет элдик мугалимдер барган түнкү клубда баңгизат жайылтылган делип жабылды