РФ ТИМи: Батыш Борбор Азиянын ресурстарын басып алууну көздөйт

Галузин Батыш максатына жеткенден кийин Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү алар үчүн керектен чыгарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор Азиядагы ресурстарды жана логистикалык жолдорду басып алууну көздөгөн Батыш өз максатына жеткенден кийин региондун өкмөттөрүнө муктаж болбой калат жана түстүү ыңкылап коркунучу жаралат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Валдай клубунун IV Борбор Азия конференциясынын ачылышында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Вашингтон менен Брюссель аймактын ресурстук базасына жетүү жана ал аркылуу өткөн транспорттук артерияларды, ошондой эле суу пайдалануу системасын көзөмөлдөө үчүн абийирсиз оюн ойноп жатканын көрүүдөбүз. Бул максаттарга жеткенден кийин Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү Батыш үчүн керектен чыгат. Демек, түстүү ыңкылап коркунучу жаралат", — деди Галузин.
Ал белгилегендей, мындай шартта Россия Федерациясы региондогу өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык өнүгүү укугун коргоп, ишенимдүү өнөктөш бойдон калууда.
Дипломаттын айтымында, Батыш Борбор Азия мамлекеттерине ири инвестицияларды убада кылып, өнөктөштүк программаларына тартууга аракет жасап жатат. Ошондой эле Батыштын жабдууларын колдонуу менен коопсуздугун камсыздоого чакырууда.
"Биздин душмандарыбыздын стратегиялык эсеп-кысаптары ачык эле көрүнүп турат. Алардын максаты — Россия менен Орто Азия республикаларынын ортосуна жик салуу. Океандын ары жагы менен Брюсселде Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын мындай экспансиясына каршылык көрсөтпөйт деп жаңылыштык ойдо жүрүшөт. Анткен менен Борбор Азия өлкөлөрү Батыш менен ашыкча жакындашуу кандай чыгымдар менен коркунучтарга алып келерин түшүнүп калды", — деди Галузин.
Владимир Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Программа