Жолдошторун сактап өз жанын кыйган баатыр. Кубат Жуматаевди эскерүү

Sputnik
Быйыл Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү максатында “Туяк” программасында маек уюштурабыз. Буга алардын туугандары, балдары жардам берет. Бул ирет студиябызда мейманда Коргоо министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Эркен Жуматаев жана Кубат Жуматаев атындагы Кыргыз-Россия коомдук фондунун төрагасы Таалайбек Жуматаев болду.
Биз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, белгисиз жоокер болуп согуштан кайтпай калган Кубат Жуматаевди эскердик.