Кыргызча китептерге Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору сынак жарыялады

Sputnik
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан “2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагында авторлор же түзүүчүлөр тарабынан даярдалган, китеп кылып басып чыгарылуучу эмгектеди 2024-жылдын 15-апрелден 1-июнга чейин кабыл алат. Сынактын талаптары кандай? Бул жылы канча китеп басып чыгарылат?
Суроолорубузга Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун директору Темирбек Осмоналиев жооп берди.