Радио

Молдалиева: инфекциялык оорукана дары жана аппараттар менен толук камсыздалды

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева бейтапкана дары-дармек, аппараттар менен толук камсыздалганын айтты.
Sputnik
Жугуштуу оорулардан оолак болуу үчүн тазалыкты сактоо, иммунитетти көтөрүү өтө маанилүү. Бул тууралуу Нургүл Молдалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда ар кандай дарт менен төрөлгөн ымыркайлар көбөйдү.
"Биздин оорукана дары-дармек менен 100 пайыз камсыздалган. Ошондой эле Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында кычкылтек концентраторлору, кычкылтекти текшерип көрүүчү пульс-ассимилятор, өпкөнү желдетүүчү жасалма аппараттар бар. Бул жагынан эч кандай көйгөй жок. Алты бөлүмдөн турган үч кабаттуу корпусубуз толук оңдоп-түзөөдөн өтүп кайрадан ишке берилди. Оорукана 500 орунга ылайыкташтырылган, анын ичинен 30у кайра жандандыруу бөлүмүнө берилген", — деди Молдалиева.
Ал ошондой эле адамдарды, өзгөчө кош бойлуу келиндерди ден соолугуна кам көрүүгө чакырды.