Олимпиада оюндары — 2024

Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париж Олимпиадасына жолдомо алышты

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Илья Тяпкин жана Сардана Трофимова Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бул тууралуу World Athletics Дүйнөлүк жеңил атлетика федерациясынын сайтында жарыяланганын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Илья Тяпкин
Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 13 лицензия болду. Анын ичинен ону күрөштүн түрлөрү боюнча, бирөө сууда сүзүү жана экөө жеңил атлетикадан.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.
Олимпиада оюндары — 2024
Балбан Айаал Лазарев Париж Олимпиадасына жолдомо утту. Видео