Акылбек Жапаров энергетиктерге атайын техникаларды тапшырды

Минкаб башчысы соңку жылдары мамлекеттик органдарда реформалар жасалып, техникалар жаңыртылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды

2 / 5

Маалыматка караганда, 28 бригадалык, 3 жеңил унаа жана 2 экскаватор, жалпы 86 миллион сомдук 33 техника тапшырылды

3 / 5

Минкаб башчысы соңку жылдары мамлекеттик органдарда реформалар жасалып, техникалар жаңыртылып жатканын белгиледи

4 / 5

Энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет

5 / 5

Жаңы алынган техникалар энергетиктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берери кошумчаланды

Маалыматка караганда, 28 бригадалык, 3 жеңил унаа жана 2 экскаватор, жалпы 86 миллион сомдук 33 техника тапшырылды.
Минкаб башчысы соңку жылдары мамлекеттик органдарда реформалар жасалып, техникалар жаңыртылып жатканын белгиледи.
"Энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет. Мындан тышкары, күн, шамал станциялары салына баштады. Кыргызстандын энергетикалык потенциалы ири эл аралык каржы институттарынын кызыгуусун жаратууда", — деди Акылбек Жапаров.
Жаңы алынган техникалар энергетиктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берери кошумчаланды.
Оштун автопаркы оор техника, жеңил автоунаа жана автобустар менен толукталды