Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Еврокомиссар Украина үчүн фронтто кооптуу мезгил башталганын моюндады

Ишемби күнү Франция президенти Эммануэль Макрон Евробиримдик жакынкы жумаларда Украинаны колдоосун күчөтө турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Көңүлдүн баары Европарламенттеги шайлоого жана АКШдагы президенттик шайлоого бурула баштагандыктан Украина үчүн фронтто кооптуу мезгил башталууда. Бул тууралуу ички рынок боюнча еврокомиссар Тьерри Бретон RMC радиосуна маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Евробиримдик азыр эле "согуш экономикасына" өттү.
"Саясий жана аскердик эксперттердин баары эле айтып жатышат: Украина үчүн кооптуу учур башталды, биз муну жакшы түшүнүп жатабыз. Бизде да азыр шайлоо өтүп жатат, АКШда да жакында башталат. Албетте, бул алар үчүн (Россия — ред.) алдыга жылууга оңтойлуу маал. Ушул себептен Европада курал-жарак жана снаряд жаатында дотацияны көбөйтүү чечими кабыл алынды", — деди ал.
Бретон азыркы максат ЕБ аймагында 2 миллион снаряд чыгаруу экенин белгиледи. Анын айтымында, Евробиримдик снарядды эки эсе көп чыгарып, "Украинанын аба мейкиндигин коргоо үчүн ЕБге чектеш өлкөлөргө абадан коргонуу системаларын жөнөткөн". Еврокомиссар ЕБ аскердик индустрия жаатында дагы алдыга жылышы керектигин белгилеп, мамлекеттер "согуш экономикасына" өткөнүн моюндады.
Ишемби күнү Франция президенти Эммануэль Макрон Евробиримдик жакынкы жумаларда Украинаны колдоосун күчөтө турганын билдирген.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин "от менен ойноого" түртүп жатканын айткан. РФ бийлиги Украинага делген жүктүн баары Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батышта Харьковдон улам Украинага катуу эскертүү берилди