Казакстандан кирген жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз каттаган схема ачыкталды

Бир жүк ташуучу унаага 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейин бажы төлөмү төлөнбөй жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Казакстандан кирген жүк ташуучу автоунааларды мыйзамсыз каттап жүргөн схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн жети жыл мурда чыккан жүк ташуучу унааларды импорттоодо ДСУнун бажы алымдарынан нарктын 10 пайыз өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот, ал эми ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифи 1 куб сантиметр үчүн 1 еврону түзөт.
"Жеке тараптар Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде иштегендер менен алдын ала сүйлөшүп алып, 3000 машинаны мыйзамсыз катташкан", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында бир жүк ташуучу унаага 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейин бажы төлөмү төлөнбөй жүргөнү аныкталган.
Аталган коррупциялык схемага тиешеси бар беш адам кармалып, тергөө уланууда.
Салык кызматы: Казакстанга экспорттолчу бут кийимди 1-июнга чейин маркалоо зарыл