ЕАЭБ алкагында Кыргызстан 15 миллиарддан ашык кыйыр салык чогултту

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 960,3 миллион сомго көп, өсүш 6,7 пайызды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Салык кызматы 4 айда ЕАЭБ алкагында 15 миллиард сомдон ашык импорттук кыйыр салыктарды (КНС) чогултту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 960,3 миллион сомго көп, өсүш 6,7 пайызды түздү.
"КНСтен 12 миллиард 259,5 миллион сом жана импорттук акцизден 3 миллиард 115,1 миллион сом түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
ЕАЭБ алкагында кыйыр импорттук салыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн электрондук коштомо кагаз, "Жыйынды пост", "Ички пост" жана "Контрабанданы контролдоо" маалыматтык системалары киргизилүүдө. Ошондой эле импорттоочуларга салык органдарына отчетторду жана арыздарды жөнөтүү боюнча онлайн-сервистер жеткиликтүү.
Мындан тышкары, республикада товарларды эсепке алуу боюнча 27 пункт жана 3 ички пост иштейт.
Салык кызматы: Казакстанга экспорттолчу бут кийимди 1-июнга чейин маркалоо зарыл