Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россия Батыш менен согушууга даяр

Путин Россия диалогго даяр экенин, болгону ал реалдуулукка негизделиши керектигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Эгер Батыш мамлекеттери Украина маселесин согуш талаасында чечүүнү кааласа, Москва ага даяр. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сергей Лавров Федерация кеңешинде анын кызматка кайра дайындалышы боюнча консультацияда билдирди.
"Алардын укугу, эгер согуш талаасын каалашса, согуш талаасы болот", — деди дипломат.
Лавров Швейцарияда июнда Украина боюнча өтө турган конференция Москвага шарт коюу үчүн гана уюштурулуп жатканын белгилеп, иш-чаранын өзүн "эки алган окуучунун тил укканына" теңеди.
"Педсовет сымал. Жүрүм-туруму начар окуучу боюнча өздөрүнчө кеңешип, чечип, анан аягында гана өзүн чакырып эч ким менен сүйлөшпө деп өкүм чыгарып коюшкандай. Өзгөчө биз менен", — деди аткаминер.
Кремль сүйлөшүүдөн эч убакта баш тарпаганын эскертип келет. Анткен менен РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга азырынча эч кандай негиз жок экенин белгилеген. Анын айтымында, абал өзгөрүүлөр эске алынганда гана оңолушу мүмкүн, ал эми Москванын талабы баарына маалым.
Владимир Путин Дмитрий Киселев менен маектешип жатып Россия диалогго даяр экенин, болгону ал реалдуулукка негизделиши керектигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Еврокомиссар Украина үчүн фронтто кооптуу мезгил башталганын моюндады