Путин Коопсуздук кеңешин КМШ өлкөлөрү менен мамилеге көңүл бурууга чакырды

Жыйынга Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысы Сергей Шойгу жана мурдагы башчысы Николай Патрушев катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Россия КМШ өлкөлөрү менен мамилеге көбүрөөк көңүл бурушу керек. Бул тууралуу президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен болгон ыкчам жыйында билдирди.
"Тышкы чөйрөдө биз үчүн приоритеттүү тема — жакын коңшуларыбыз — көз карандысыз мамлекеттер менен алака түзүү. Финансы министри менен Россиянын жаңы саясий циклинде буга дагы көбүрөөк көңүл буруш керектигине токтолдук", — деген Путин.
Жыйынга Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысы Сергей Шойгу жана мурдагы башчысы Николай Патрушев катышкан.
Сергей Лавров: АКШ Борбор Азияга кирүүгө аракет кылууда