Ленинград курчоосу өмүрүн алган 11 жаштагы Таня Савичеванын күндөлүгү. Видео

Курчоодо калган Ленинграддын кичинекей жашоочусу, 11 жаштагы Таня Савичева 1942-жылдын 13-майында фашисттердин жүрөк үшүткөн азаптарын күндөлүгүнө акыркы ирет жазган.
Sputnik
Ачарчылыкта калып, суукка кайыккан кичинекей, алсыз колдор адамзатты кайдыгер калтырбаган трагедиянын дагы бир элесин калтырып кеткен.
Анда төмөнкүдөй жазуулар турат:
"Чоң энем 1942-жылы 25-январда саат үчтө өлдү";
"Вася байкем 13-апрелде түнкү экиде өлдү. 1942-жыл.";
"Апам 13-майда саат 7ден 30 минута өткөндө. 1942-жыл.";
"Баары өлүштү";
"Жалгыз эле Таня калды".