Кыргызстанга 3 айдын ичинде дээрлик 690 миллион доллар которулган

Быйыл январь-март ичинде башка жылдарга салыштырмалуу акча которуулар көп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанга 689 миллион 740 миң доллар которулган.
Бул 2023-жылдын (611,4 млн) жана 2022-жылдын (521,3 млн) ушул эле мезгилдерине караганда көп экени Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.
Каражаттын көпчүлүгү — 641,3 миллион доллар Россиядан келген.
Кыргызстанда бир жылда айлык 11%га өстү. Кимдики канчага жогорулаган