Кыргыз ичимдиги Өзбекстандын рыногуна чыгууда

Келишим кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга жогорку сапаттуу алкоголдук ичимдиктердин кеңири ассортиментин жеткирүү боюнча алдын ала келишим түзүлгөнүн Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Макулдашууга Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү менен Өзбекстандагы компаниялардын биринин өкүлдөрү кол койгон.
"Кошуна мамлекет менен кызматташуубузду баштаганыбызга кубанычтабыз. Бизден чыккан ичимдиктин сапаты да, баасы да суроо-талапка төп келерине үмүт чоң", — деген Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.
Экономика министрлиги аталган макулдашуу эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусун илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болорун, ал кыргызстандык өнүдүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Салык кызматы: Казакстанга экспорттолчу бут кийимди 1-июнга чейин маркалоо зарыл