Каркырада тоо лыжа экошаарчасынын курулушу башталды. Баасы 192 млн доллар

Комплекстин саркынды сууларды тазалоо жана жылытуу системалары бардык стандарттарга ылайыкталары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Түп районунда Каркыра тоо лыжа экошаарчасынын курулушунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилей кетсек, 6-декабрда президент Садыр Жапаров аталган долбоордун курулушун баштап берген.
1 / 4

Түп районунда Каркыра тоо лыжа экошаарчасынын курулушунун биринчи этабы башталды.

2 / 4

Белгилей кетсек, 6-декабрда президент Садыр Жапаров аталган долбоордун курулушун баштап берген.

3 / 4

"Каркыра" комплексинин жетекчиси Константин Куценконун айтымында, курулуш иштери алты этаптан турат.

4 / 4

Комплекстин саркынды сууларды тазалоо жана жылытуу системаларына Кыргызстандын жана эл аралык стандарттарга ылайык инновациялык технологиялар колдонулары кошумчаланды.

"Каркыра" комплексинин жетекчиси Константин Куценконун айтымында, курулуш иштери алты этаптан турат.
"Долбоордун концепциясында беш миң адамдын эс алуусуна ылайыкталып, жалпы сметасы 192 миллион долларды түзөт. Лыжа тебүү трассаларынын жалпы узундугу 100,7 чакырым, асма жол 20,7 чакырым болот", — деди Куценко.
Комплекстин саркынды сууларды тазалоо жана жылытуу системаларына Кыргызстандын жана эл аралык стандарттарга ылайык инновациялык технологиялар колдонулары кошумчаланды.
"Рух-Ордодогу" комуздун элесин берген пирс. Президент сурамжылоо жүргүзүүдө