Быйыл алгачкы жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө электрондук аттестат берилет

Быйыл 11-классты 73 миң 51 окуучу, 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Быйыл алгачкы жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө электрондук документ берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-классты бүктөндөргө электрондук аттестат, 9-классты аяктагандарга электрондук күбөлүк берилет.
"Электрондук аттестат/күбөлүк бүтүрүүчүлөргө кагаз документ менен кошо берилет. Документтин санарип версиясы "Түндүк" порталына киргизилет. Бул документти жоготуп алып калыбына келтирүүдөгү кыйынчылыктарды жокко чыгарат. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот. Ал эми порталга каттала электер калкты тейлөө борборлоруна кайрылышы керек", — дешти мекеменин маалымат кызматынан.
Ошондой эле 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу, 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөрү кошумчаланды.
Пресс-борбор
Мугалимдер үчүн "Санарип кампа" иштей баштайт. Министрлик чоо-жайы тууралуу